Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Талас аэропорту убактылуу жабылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жарандык авиация агенттигинин директору Эркин Исаков кабарлады. Анын айтымында, коопсуздук талаптарына ылайык келбегени үчүн Талас аэропортунун лицензиясы убактылуу алынды. Мындан сырткары алты ай ичинде Казарман жана Баткен аэропортторундагы абалды жакшыртуу, жол тилкесин оңдоо тапшырмасы эл аралык “Манас” аэропортуна берилди. Эгер бул мөөнөт ичинде конуучу жол тилкелери оңдолуп, мүчүлүштүктөр жоюлбаса Талас, Баткен жана Казарман аэропорттору да жабылышы ыктымал.

Таласка 1990-жылдардын ортосунан бери коммерциялык каттамдар дээрлик учпай калган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG