Полициянын билдиргенине караганда, эртеңки жарыштын коопсуздугун камсыздоого бир нече миң полиция офицери, тик учактар, аквалангисттер, бомба искөөчү иттер тартылат. Байкоо иштери миңдеген видео камералар аркылуу да жүргүзүлөт.
Шаардын полиция башчыларынын бири Рэй Келлинин айтымында, марафон алдындагы коопсуздук чаралары быйыл Бостондо болгон окуяларды эске алуу менен күчөтүлүүдө:
- Менимче, катышуучулар да, коомчулук да өзүн коопсуз сезет.
15-апрелде Бостон шаарында марафон учурундагы жарылуудан үч адам өлүп, 264 киши жаракат алган.
Нью-Йорктогу жекшемби күнкү марафонго 48 миңдей жөө күлүк катышары күтүлүүдө. (UE)