Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

АКШ Мамкатчысы Каирге келди


Бул - Жон Керринин Египетке исламчыл президент Мохаммед Мурси бийликтен кулатылгандан берки биринчи сапары. Ал Египеттин азыркы бийликтери менен бүгүнкү сүйлөшүүлөрүндө демократиялык реформа маселелерин көтөрөрү күтүлүүдө.

АКШ мамкатчысынын Каирге сапары бийликтен кулатылган президент Мурсинин соту башталардан бир күн алдыга туура келди. Бийликтен кулатылган президент 2012-жылдын декабрында демонстранттардын президент сарайы алдындагы өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

Мурдараак Вашингтон Египетке жылына берилүүчү 1,5 миллиард доллардык жардамдын кезектеги бөлүгүн токтотуп, мунун себептери катары өлкөдө демократиялык прогресс жоктугун, Мурсинин жактоочулары зордук-зомбулукка кабылганын да атаган.

АКШ Мамлекеттик катчысы Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча тогуз күндүк сапарынын алкагында Сауд Аравия, Израиль, Иордания, Алжирге да токтойт.(UE)

XS
SM
MD
LG