Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Косовонун түндүгүндө шайлоого катышуу төмөнүрөөк


Добуш берүүнүн жүрүшүнөн бир көрүнүш. 3-ноябрь, 2013-жыл.
Добуш берүүнүн жүрүшүнөн бир көрүнүш. 3-ноябрь, 2013-жыл.
Бул ирет Косово 2008-жылы Сербиядан ажырагандан берки алгачкы жергиликтүү шайлоого этникалык сербдердин кандай катышары чечүүчү мааниге ээ болуп турат. Андыктан Косовонун түндүгүндө калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн жана Приштинанын башкаруусун жерип келген сербдердин шайлоого катышуу көрсөткүчүнө чоң көңүл бурулмакчы.

БШКнын маалыматтарына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00гө карата Косово боюнча добуш берүүгө шайлоого укуктуулардын 33% келди. Бирок бул көрсөткүч сербдер жашаган түндүк Косоводо төмөнүрөөк. Айрым шайлоочулар мунун себебин бүгүнкү саясий өнөктүккө каршы серб радикалдарынын коркутуулары менен түшүндүрүштү.

Шайлоо комиссиясынын төрагасы Валдете Даканын “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна айтканына караганда, “өлкөнүн түндүк бөлүгүндө белгилүү бир топтор жарандар өз эркин добуш берүү аркылуу эркин билдирүүсүнө жол бербей жатышат”.

Сербия өкмөтү Косовонун көз карандысыздыгын азырынча тааныбаганы менен Еврошаркет ортомчулугу астында жетишилген макулдашууга ылайык косоволук сербдерди добуш берүүгө катышууга чакырган.

Быйылкы жылдын апрелиндеги макулдашуу Белградга Брюссель менен Еврошаркетке мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого жол ачкан эле.

Шаркеттин тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон бүгүнкү шайлоону “Косовонун келечеги үчүн чечүүчү учур жана Косово менен Сербиянын мамилесинин нормалдашуу жараянындагы маанилүү элемент” деп атады.

Косоводо 120 миң серб бар, алардын 40 миңи түндүк бөлүгүндө жашайт.(UE)

XS
SM
MD
LG