Беткап менен жүзүн чүмкөгөн белгисиз бирөөлөр өлкөнүн түндүгүндөгү шайлоо жүрүп жаткан Митровиса участогуна кол салган. Алар көздөн жаш агызуучу газ чыгарып, добуш берүү кагаздары салынган үкөктөрдү талкалашкан. Натыйжада бир нече шайлоо участокторунда добуш берүү токтотулуп, ЕККУнун байкоочулары эвакуацияланган. Мировисанын тургуну Дрежик Керик “Азаттыкка” шайлоонун алдында да коркутуулар болгонун айтты:
-Биз бүгүн эртеңибиз жакшы болсун деп добуш бердик. Эң азынан биз ошентип үмүттөнөбүз. Мага телефондон коркутуу болгондон кийин мен тескерисинче добуш бердим. Алар бизди шайлоо участогунан күтүп туруп, коркутушту. Мен мунун баары буйруса оңолот деп ишенем. Үмүт деген эң акырында өлөт да.
Косовонун бийлиги сакталып калган үкөктөрдү Приштинада жайгашкан Шайлоо борборуна жеткирүүгө көмөктөшүүсүн өтүнүп, ЕККУга кайрылды.
Косово 2008-жылы Сербиядан ажырагандан бери алгачкы жергиликтүү шайлоо өттү. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 55% ашууну катышты деп болжолдонууда.
Косоводо 120 миң серб бар, алардын 40 миңи түндүк бөлүгүндө жашайт.