Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Жон Керри Египеттен кийин Сауд Арабияга келди


АКШ мамкатчысы жекшембиде Египетте болуп, Тышкы иштер министри Набил Фахми менен жолукту. Биргелешкен маалымат жыйынында Керри египеттиктерди демократиялык реформаларды улантууга чакырды. Ал ошондой эле АКШ Египеттин досу жана өнөктөшү экенин билдирип, ага жардамдашууга даяр экенин айтты.
АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Египетке Мухаммед Мурсинин бийлиги кулагандан бери алгачкы жолу иш сапар менен барды.

Каир Керринин Жакынкы Чыгышка жана Араб өлкөлөрүнө он күндүк сапарынын башталышы болду. Сауд Арабиясынан кийин анын сапары Бириккен Араб эмираттары, Алжир, Марокко, Иордания, Палестин автономиясы, Израил жана Польшага уланат.

Дүйшөмбүдө Мухаммед Мурсинин үстүнөн соттук териштирүү башталат. Ага 2012-жылы декабрда президенттик сарайдын жанында өлтүрүлгөн демонстранттар үчүн кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG