Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:19

Кара-Суу: салыкчыга кылмыш иши козголду


Ош облустук жана Ош шаардык прокуратурасы Кара-Суу райондук салык инспекциясынын кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши 313-пара алуу беренеси боюнча козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган райондун салыкчысы салык мыйзамын бузганын жабуу үчүн жеке ишкерден узак убакыт бою акча алып турган. Айыпталуучу 5 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG