Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:00

Ооган кыргыздарына жардам жеткирилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Улуу Памир жана Кичи Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам 5 жүк ташуучу унаага жүктөлүп, 2-ноябрда Ош шаарынан чыккан. Алардан үчөө Улуу, экөө Кичи Памирге жеткирилди.

Өткөн апта вице-премьер-министр Камила Талиева ушул маселеге байланыштуу жыйын өткөрүп, ооган кыргыздарына жардам берүү маселесин талкуулаган. Учурда бул аймакта 1200гө жакын кыргыз жашайт. Алардын жашоо-шарты оор экени айтылып келет. (КЕ)
​
XS
SM
MD
LG