Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров мигранттарга каршы катаал чараларды токтотуу талабы менен Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыкты. Ал “Орус маршы трагедия”, “Кыргызстандык мигранттар азаматтар” деген сыяктуу плаккаттарды көтөрүп алган. Учурда элчиликтен эч ким чыга элек.
Ушул эле күнү бул элчиликтин алдында “Расизмсиз дүйнө үчүн!” деп аталган иш-чара өтөөрү кабарланган. Аны уюштуруучулардын бири Манас Саматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, анда акыркы убактарда Орусия бийлиги тарабынан мигранттарга карата жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы пикирлер айтылат. Ошондой эле митингдин катышуучулары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө да каршылык билдирет.
Бүгүн Орусияда Элдик биримдик майрамын белгилешет. Серепчилер бул күн улутчулдардын майрамына айланганын белгилеп келишет.
Орусия соңку айларда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддерди күчөткөн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Орусиядан чыгарылган кыргызстандыктардын саны 950 адамга жеткен. (КЕ)