Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн Коргоо кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Ал мамлекеттик мекемелерде коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө жөндөмсүз жетекчилер кызматынан кетүүгө тийиш экенин айтты. Президент коррупция менен күрөшүүнүн эки багытын сунуштады. Биринчиси, саясий коррупцияга каршы күрөш, экинчиси, системалуу коррупцияны жоюу.
- Кыргызстанда саясий коррупция бар экендигин моюнга алышыбыз керек. Бизге кайрылган жарандар айрым саясатчылар өз максатына жетиш үчүн эч нерседен баш тартпасын белгилешет. Паракорлор жана опузалап акча өндүргөндөр кармалып, камакка алынганы менен, коррупциялык схемалар уланып жатканын эл көрүп турат. Эксперттер “сот адилеттигинин” баасы бычылып, укук коргоо органдарынын иши “соодалашуу негизинде” жүрүп калганын белгилеп жатышат, - дейт Атамбаев.
Президент Коргоо кеңешинин алдында мамлекеттик органдардын жетекчилеринен жана көз карандысыз эксперттерден турган коррупцияга каршы иш-аракеттерди координациялоочу жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Ал тиешелүү органдардын милдеттерин жана иш-аракеттеринин кайталанышына жол бербей, бардык мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы күрөшүн координациялайт. (КЕ)