Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:19

“Стэнс Энержи Корп” кыргыз өкмөтүн сотко берди


Канадалык “Стэнс Энержи Корп” компаниясы Куттуу-Сай 2 кени боюнча Кыргыз өкмөтүнө 180 млн. доллар доо коюп, эл аралык арбитраждык сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган компания өз сайтына жарыялады.

"Кутисай Майнинг" Канаданын “Стэнс Энержи Корп” компаниясына таандык, ал 2009-жылы 1 млн. долларга Кутессай 2 жана Калесай кендерин 2029-жылга чейин иштетүүгө укук берген лицензияны сатып алган. 2012-жылдын 15-июнунда ошол кездеги директор Учкунбек Ташбаев төрагалык кылган Мамлекеттик геология агенттиги компания менен кенди 2014-жылдын 31-декабрына чейин иштетүү тууралуу лицензиялык келишим түзгөн.

Ушундан кийин парламенттеги айрым депутаттар компания өзүнө тагылган милдеттерди аткарган эмес дешип, Башкы прокуратурага лицензияны узартуунун мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасын берген. Башкы прокуратура ушул жылдын январь айында мыйзамсыз лицензия саткан деген айып менен Ташбаевге кылмыш иш козгогон.

"Кутисай Майнинг"2 009-жылы Куттуу-Сай 2 кенин алгандан бери 20 миллион доллардан ашуун акча короттук деп ырастаган “Стэнж Энержи Корп” компаниясы эгер лицензиядан ажыратылса, кыргыз өкмөтүнө доо коюп, эл аралык сотко берерин айткан. Компаниянын аткаруучу директору Роберт Маккей буга чейин алардан лицензияны алуу аракети болуп жатканын, мунун артында Кытайдын “Хунбо Баотоу” (Hongbo Baotou”) компаниясы жана аларга лоббистик кызматты көргөзүп жаткан кыргыз саясатчылары турганын белгилеген болчу.

Учурда кенди иштетүү укугу колунда турган канадалык “Стэнс Энержи Корп” (Stans Energy Corp) компаниясынын интернет сайтында "Куттуу-Сай 2 сейрек оор металлдардын дүйнөдө мурда өздөштүрүлгөн жана Кытайдын сырт аймагында жайгашкан жалгыз кен”,- деп айтылат. Ошондой эле ал 1960-91 жылдар аралыгында СССРде сейрек кездешүүчү оор элементтердин 80% бергени көргөзүлгөн.

Серепчилер “Стэнс Энержи Корп” компаниясы кенди "итбекер" жана мыйзамсыз алган деп ырастап келишет. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы комиссия "Кутисай Майнингдин" лицензиясын быйыл жазда жокко чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG