Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:10

Быйыл коррупция боюнча 411 кылмыш иши сотто каралды


Бул тууралуу баш прокурор Аида Салянова Коргоо Кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, быйыл тогуз айда коррупция боюнча 411 кылмыш иши сотто каралып, 29 адам эркинен ажыратылды. Дагы 72 адам шарттуу түрдө жазаланышты. Бул убакыт ичинде жалпысынан миңге чукул кылмыш иши козголсо, алардын 90го жакынын прокуратура кызматкерлери, алтымышка чукулу УКМК тарабынан козголгон. Соттун чечими менен 700 млн. сомго жакын каражат мамлекетке кайтарылды.

Бүгүн Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коргоо кеңешинин жыйыны өттү. Анда Башкы прокуратуранын, Экономика министринин жана УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилеринин маалыматы угулду. Жыйында саясий жана системалуу коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору каралды. Ага президент Алмазбек Атамбаев катышып, коррупцияга каршы күрөшүүнүн жаңы этабы башталганын белгиледи. (КЕ/ZB)

XS
SM
MD
LG