Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Москвада "Орус маршы" өтүүдө


Москвада миңдеген улутчулдар жүрүшкө чыгышты. “Орус маршы” деген атка конгон акция жыл сайын “Эл биримдигинин күнүндө” өткөрүлүп келет. Бийлик жүрүшкө 15 миңдей кишинин катышуусуна уруксат берген. Бирок уюштуруучулар ага андан да көп киши келет деп билдиришти. “Левада” борборунун акыркы сурамжылоосуна караганда, “Орус маршын” орусиялыктардын ар бир төртүнчүсү колдойт. Буга чейинки акциялар улуттук азчылыктарга, Борбор Азия жана Кавказдан келген эмгек мигранттарына кол салуулар менен коштолуп келген.

Оппозициянын өкүлү Алексей Навальный Москваны мигранттардан тазалаш керек деп эсептээрин кайталап, бирок бүгүнкү жүрүшкө катышпасын айтты. Президенттикке мурдагы талапкер Михаил Прохоров Фэйсбуктагы баракчасында акцияны айыптады. Жана өз тарапкерлерин улутчулдардын провокацияларына жетеленбөөгө үндөдү.

Быйылкы жүрүш Бирюллево окуяларынан көп өтпөй уюштурулууда. 3 жумадай мурун Москванын четиндеги райондо мигранттарга каршы толкундоолор болгон. Ошондон бери полиция мыйзамсыз жүргөн келгиндерге каршы рейддерди күчөттү.

XS
SM
MD
LG