Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Грузия Евробиримдик менен келишимге эмки жылы кол коёт


Грузиянын жаңы шайланган президенти Гиорги Маргвелашвили Европа Биримдиги менен Ассоциативдүү келишимге эмки жылы кол коюлат деп ишенет. Ал бул маселени ноябрдын этегинде Вилнюста Чыгыш өнөктөштөрдүн саммитинде козгоорун билдирди. Мурдагы СССРге кирген дагы бир жумурият – Молдова да Литвадагы бийик жолугушууда Ассоциативдүү келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайт деп күтүлүүдө. Украина болсо бул ирет документке кол коймокчу. Маргвелашвили 27-октябрдагы президенттик шайлоону жеңген. Анын расмий ант берүүсү 17-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG