Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

“Бөбөк ыры” сынагы жыйынтыкталат


Бөбөктөргө арналган ырлардын республикалык кароо-сынагынын жыйынтыгы 5-6-ноябрда чыгарылат. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунан билдиришкендей, жарым жыл аралыгында балдарга арналган 50дөн ашык чыгарма каралды. Жыйынтыктоочу туру эртең, 5-ноябрда каралат. Анын ичинен тандалып алынган мыкты чыгармалар 6-ноябрь күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында, Гала-концертте жарыяланат. Иш-чарага жети дубандан бардыгы 100дөн ашык акын-композиторлор, кенже курактагы аткаруучу бөбөктөр, балдар ансамблдери, бала бакча ийримдери чогулат. Сынакты “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Билим берүү жана илим министирлиги, Маданият, туризм жана маалымат министирлиги жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип өткөрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG