Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Каримова коопсуздук кызматынын жетекчисин сындады


Өзбекстан президентинин кызы Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисин айыптады. Гүлнара Каримова Рустам Иноятов “өзүңдү тынч алып жүрсөң, сага эч ким тийбейт” деген кеңеш бергенин Твиттерде жазып чыкты. Каримова муну менен башкы чекист анын президенттикке жолун торогусу келет деп эсептейт. Гүлнара ошондой эле атасы аны сабаган деген сөздөрдү төгүндөдү.

Президенттин кызы апасын, таяжесин жана бөлөсүн Фергана облусундагы башаламандык үчүн сындады. Маалыматтарга караганда, Каримов үй-бүлөсү чөлкөмдүн экономикасынын басымдүү бөлүгүн көзөмөлдөйт. Ыктымал финансылык көз боёмочулукка байланыштуу жакында Гүлнара Каримовага таандык теле жана радиоканалдары, Terra Group медиахолдингинин эсеби убактылуу жабылган.

XS
SM
MD
LG