Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:14

Мурсинин соту январга жылды


Египеттин мурдагы президенти Мухаммад Мурсинин соту 8-январга жылдырылды.
Өткөн июлда бийликтен кулатылган Мурси жана “Мусулман агайындар” кыймылынын дагы 14 мүчөсү 2012-жылдын декабрында президенттик сарайдын жанында болгон кагылышууларга тукурган деп айыпталууда. Кагылыштарда ондогон киши набыт кеткен.

Сот экс-президентти күнөөлүү деп тапса, өмүр аягына чейин түрмөгө кесилип, же өлүм жазасына өкүм кылынышы ыктымал. Мурсинин жактоочулары ага тагылып жаткан айыптар негизсиз дешет. Мурси президенттикке 2012-жылы демократиялык жол менен шайланган. Быйыл жайында анын башкаруусуна каршы массалык чыгуулар болуп, натыйжада армия президентти кулаткан. Бийликке келген убактылуу өкмөт "Мусулман агайындар" кыймылына тыюу салып, бир катар жетекчилерин камакка алды.

XS
SM
MD
LG