Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:54

Мушарраф күрөөгө бошотулду

Пакистан соту мурдагы президент Первез Мушаррафты 2 миң доллар күрөөгө коё берди. Ал ошондой эле өкмөттүн уруксатысыз өлкөдөн чыга албайт. Мушарраф 2007-жылы Исламабаддагы Кызыл мечитке чабуул коюуга буйрук берген деп айыпталууда.

Мечиттин колдоочулары менен коопсуздук күчтөрү ортосундагы тирешүүдө 100дөн көп киши мерт кеткен. 6 айдан бери экс-президент үй камагында кармалып келген. Бардыгы болуп Мушаррафка каршы мекенинде 3 иш ачылган. Анын бирөө мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун киши колдуу болушу боюнча козголгон.
XS
SM
MD
LG