Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Мурсинин соту жаңы жылдан кийин уланат


Египеттин кызматтан кулатылган президенти Мухамvед Мурсинин соту 8-январда болот. Сот мындай чечимге Мурси жана аны менен кошо соттолуп жаткан 14 айыпталуучу кыйкырып ырдап, соттун ишине тоскоолдук кылгандан кийин келди. Алар “жоголсун аскердик тартип” деп кыйкырышты. Мурси болсо “мен мыйзамдуу президентмин, соттон бул сандырактыкты бүтүрүшүн талап кылам” деди. Мурсинин тарапкерлери сот өтүп жаткан жерде сыртта да чогулуп турушту.

Өткөн июлда бийликтен кулатылган Мурси жана “Мусулман агайындар” кыймылынын дагы 14 мүчөсү 2012-жылдын декабрында президенттик сарайдын жанында болгон кагылышууларга тукурган деп айыпталууда. Мурси президенттикке 2012-жылы демократиялык жол менен шайланган. Быйыл жайында анын башкаруусуна каршы массалык чыгуулар болуп, натыйжада армия президентти кулаткан. Бийликке келген убактылуу өкмөт "Мусулман агайындар" кыймылына тыюу салып, бир катар жетекчилерин камакка алды.

XS
SM
MD
LG