Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Эсенгул Өмүралиевдин катышуусунда 5-ноябрь күнү маалымат жыйыны болот. Анда элчи кыргыз-казак кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги тууралуу айтып бермекчи. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Өткөн жумада Казакстандын премьер-министри Серик Ахметов Бишкекке иш сапар менен келген. Анда тараптар инвестициялык фонд түзүүнү тездетүү, суу-энергетика, айыл чарба тармагында кызматташуу, чек арадагы көзөмөл боюнча маселелерди талкуулаган.(ZKo)