Оштогу өрт өчүргүчтөр эки баланын өмүрүн сактап калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" айтымында, 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кулжа айылынын Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан №8 үйдө өрт чыккан. Беш адамдан турган куткаруучу топ кырсык чыккан жерге тез арада жетип барып, үйдүн ичинен уктап жаткан жеринен 9 жана 13 жаштагы балдарды аман алып чыкканга үлгүргөн. Кырсыкка мештин жана мордун туура эмес салынып калганы себеп болгон деп айтылууда. Соңку суткада Кыргызстандын аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. (RK)