Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Москвада мигранттар боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү өтөт


Ушул айдын экинчи жарымында Москвада кыргызстандык мигранттар боюнча кыргыз-орус сүйлөшүүлөрү өтөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси Улукбек Бакенов билдирди. Анын айтымында, 20-ноябрда Москвада кыргыз-орус өкмөт аралык жыйын өтөт. Ал эми 21-ноябрда миграция маселелери боюнча комиссиянын 7-отуруму болот. Анда "кара тизмеге" байланыштуу маселелер да талкууланышы ыктымал.

"Азаттык" мурда кабарлагандай, Орусияда быйыл өлкөнүн миграциялык эрежесин бузгандардын тизмеси түзүлүп, мындай “кара тизмеге” түшкөндөр четинен өлкөдөн чыгарылууда. Бул маалымат базасына түшкөн кыргыз жарандарынын саны 43 миңге жеткенин “Азаттыкка” Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришкен. Андан тышкары тизмеге түшүп калышы ыктымал болгон кыргыз жарандары 270 миңге жакын. Орусиянын миграциялык эрежесин бузгандар же бул өлкөнүн аймагында административдик айыпка жыгылгандар 3, 5 же 10 жылга чейин кайра бул өлкөгө кире албайт. (RK)
XS
SM
MD
LG