Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Веложүрүшкө 500дөй хижабчан кыз-келин катышты


Бүгүн Бишкекте хижабчан аялдардын веложүрүшү өттү. Аны Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгынын аялдар комитети уюштурду. Манас проспектинин Ахунбаев көчөсү менен кесилишинен төмөн көздөй эки чакырым аралыкты аялдар велосипед айдап өттү. Бирок шаар бийлигинен унаа жолдон өтүүгө уруксат алынбагандыктан жүрүш жолду бойлой аллея аркылуу жүрдү. Жалпысынан акцияга 500дөй мусулман аял катышты.

Алардын максаты - аялдар арасында анемия оорусун алдын алуу жана спорт менен машыгып, велосипед айдап, дени сак жашоого үндөө. Веложүрүштүн коопсуздугун милиция кызматкерлери камсыздап берди. Милициянын айтымында, Манас проспектинин Ахунбаев көчөсүнөн Кан борборуна чейинки аралыгы эки чакырым түзөт. Доктурлардын соңку маалыматы боюнча, кыргызстандык кыз-келиндердин 47% аз кандуулук оорусуна чалдыккан. (MiT/RK)
XS
SM
MD
LG