Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

Саякбай Каралаев жылын өткөрүү сунушталууда


Кыргызстан ЮНЕСКОнун кезектеги жыйынынын күн тартибине 2014-жылды манасчы Саякбай Каралаев жылы деп атоо сунушун берет. Бул тууралуу бүгүн парламенттен кабарлашты. Кыргыз Республикасынын баатыры, кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев келерки жылды ушинтип атоо демилгеси менен Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетине кайрылган болчу. 2014-жылы “Манастын” үч бөлүгүн тең айткан улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы белгиленет. Ошондуктан залкар манасчынын мааракесин эл аралык деңгээлде белгилөө демилгеси көтөрүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG