Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Француз журналисттеринин сөөктөрү Парижге алынып келди


Африкада киши колдуу болгон франциялык эки журналисттин сөөктөрү бүгүн Парижге алынып келди. Франциянын Эл аралык радиосунун кабарчылары Жислен Дюпон менен Клод Верлонду Малинин Кидал шаарында белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, кийин өлтүрүшкөн. Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиустун айтымында, жергиликтүү жана франциялык аскерлер кылмышка тиешеси бар деген шектүү адамдарды суракка алып жатышат. Малинин президенти Ибрагим Бубакар Кейта кылмышкерлерди табуу үчүн бардык аракеттер көрүлөөрүнө сөз берди. Өлкөнүн түндүгүн басып алган исламчылар менен Туарег козголоңчуларына каршы күрөшүү үчүн Париж жыл башында мурдагы колониясына аскерлерин жиберген.

XS
SM
MD
LG