Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

“Азаттыктын” кабарчысы “Акыл-Тирек” сыйлыгын алды

Прогрессивдүү демилгелер фонду, Коомдук биринчи канал жана Росинбанк 7-ноябрь - Басма сөз күнүнө карата журналисттер арасында “Акыл-Тирек” сыйлыгын тапшырды. “Азаттыктын” кабарчысы Жанар Акаев коомдогу көйгөйлөрдү ачык-айкын чагылдырып, сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Акыл-Тирек” сыйлыгына татыды. Ушундай эле сыйлык КТРК, 5-канал, НБТ телеканалдарынын кабарчылары жана бир катар гезиттердин, маалымат сайттарынын журналисттерине тапшырылды. “Акыл-Тирек” сыйлыгынын уюштуруучусу Аскар Салымбеков соңку кезде айрым маалымат каражаттары ушак-айыңга көбүрөөк көңүл буруп, аналитикалык макалалар жазылбай жатканына көңүл бурду. Иш-чарада Росинбанктын Кыргызстандагы жетекчиси Улан Сарбанов журналисттерге акчалай сыйлык тапшырды. Прогрессивдүү демилгелер фонду буга чейин жаш илимпоздор арасында “Акыл-Тирек” сынагын уюштурган болчу. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG