Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жерүй боюнча эл аралык арбитраж аныкталды


Жерүй боюнча эл аралык арбитраж аныкталды. Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин бүгүн "Азаттыкка" айтымында, эми соттук териштирүүнүн датасы аныкталышы керек. 2010-жылы бийлик алмашканга чейин Жерүйдү иштеткен компаниянын акцияларынын 60 пайызы казакстандык Visor компаниясына таандык болгон. Жаңы бийлик инвестордук милдетти аткарган жок деген жүйөө менен анын лицензиясын жокко чыгарган болчу. Казакстандык компания кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берип, 400 миллион доллар доо койгон.

Быйыл 4-ноябрда бул ишти карап жаткан Инвестициялык талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор соттун курамын бекитип, ага административдик кеңеш төрагасы кылып Жон Р.Крукту (АКШ) жана арбитрлар кылып Бернард Анотьо (Белгия) менен Филипп Садсты (Франция) дайындады. Жерүй алтын кени Таласта жайгашкан.
(RK)

XS
SM
MD
LG