АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри америкалык көзөмөл программасы АКШ менен Евробиримдик ортосундагы соода сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратпоого тийиш деп билдирди. Мындай билдирүүнү ал бүгүн Варшавада жасады. "АКШнын чалгындоо кызматтары европалык лидерлер менен катардагы жарандардын телефондорун тыңшачу деген дооматтарды трансатлантикалык сүйлөшүүлөргө аралаштырбаш керек", - деген оюн ортого салды мамкатчы. Кошмо Штаттардын Улуттук коопсуздук агенттиги миллиондогон европалыктардын, анын ичинде Германия канцлери Ангела Меркелдин чөнтөк телефонун көзөмөлдөчү деген маалыматтар бир нече жумадан бери өнөктөштөрдүн мамилелерине көлөкө түшүрүп келатат.