Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:49

ЭлТРдин жетекчиси алмашты

Султан Жумагулов
Султан Жумагулов
ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Султан Жумагулов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 5-ноябрда кол койгондугун Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан маалымдашты. Мамлекет башчынын дагы бир буйругуна ылайык, ЭлТРдин буга чейинки жетекчиси Шайырбек Абдырахман уулу өз каалоосу менен жумуштан бошотулду.

Султан Жумагулов 2010-жылдын 15-ноябрынан 2013-жылдын ноябрь айына чейин “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кеңсесинде директорлук кызматты аркалаган. Ага чейин BBC радиосунда, Президенттин катчылыгында эмгектенген. (SE)
XS
SM
MD
LG