Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:30

Ниязов: Башмыйзам сөз эркиндигинин чектелишине жол бербейт


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 5-ноябрда басма сөз күнүнө арналып өткөрүлгөн тегерек столдо билдирди:

- Башмыйзам сөз эркиндигинин чектелишине жана жалаа үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол бербейт.

Ниязов ошондой эле учурда өлкөдөгү мамлекеттик саясат сөз эркиндигине жана маалыматтардын ачык болушуна артыкчылык берээрин белгилеп, мунун жетишкендиги катары интернеттин өнүгүүсү, санариптик телеберүүгө өтүү жагдайларын айтып кетти.

Мурдараак бийликчил Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Галина Скрипкина жалган маалыматты атайылап таратканы үчүн журналистти кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Бул мыйзам долбоору өткөн жума күнү Социал-демократтар фракциясы тарабынан колдоого алынган болчу. Аталган мыйзам долбоору өлкөдө бийлик тарабынан сөз эркиндигин кысуунун бирден бир куралы болорун билдирген коомчулуктун активдүү каршылыгынан кийин, 5-ноябрь күнү мыйзамдын автору кайра өз демилгесин артка алганын айтып чыкты. Депутат Галина Скрипкина өз билдирүүсүндө азырынча бул мыйзам тууралуу сөз кылуу эртерээк экенине көзү жеткенин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG