Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Тажикстан: шайлоодо Рахмон утуп чыгары болжолдонууда


Шаршембиде боло турган президенттик шайлоодо Рахмон оңой эле төртүнчү мөөнөткө президент боло алат деп күтүлүүдө. Буга мамлекет тарабынан каржыланган шайлоо өнөктүгүндө бийликти сындоодон карманган анын беш атаандашынын коомчулукка анчейин белгисиз адамдар экени себеп катары айтылууда. Оппозициядагы Социал-демократтар партиясы шайлоо өнөктүгү мыйзам жана укук бузуулар менен жүргөнүн белгилеп, шайлоого бойкот жарыялай турганын билдирген.

Мурдараак ЕККУ Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттарын шайлоо өнөктүгү учурунда Рахмондун үгүт ишине басым жасаганы үчүн айыптаган. Ошондой эле президенттик шайлоонун алдында тажик бийлиги тарабынан YouTube сайтынын бир бөлүгү жабылган болчу.

Тажикстандын президентин шайлоо 6-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG