Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Сирия боюнча сүйлөшүүнүн датасы аныкталган жок


БУУ, АКШ жана Орусия Сирия маселеси боюнча “Женева-2” деп аталган тынч сүйлөшүүлөрдүн күнүн келише албады. Бул тууралуу Улуттар уюмундагы Араб мамлекеттери боюнча атайын өкүл Лахдар Брахими маалымдады. Анын Женевадагы маалымат жыйынында билдиргени боюнча, Сирия кризисинде аскердик чечим жок, саясий жана дипломаттык чечим гана болууда.

Сирия маселеси тууралуу сүйлөшүүнү тараптар жыл аягына чейин жүргүзүүнү мерчемдешкен. Брахми ошондой эле Сирия оппозициясы 22-23-ноябрга чейин “Женева-2” сүйлөшүүсүнө катышуучу делегацияны түзүүгө жетишет деген үмүтүн билдирди.

Шейшембиде жабык жүргүзүлгөн сүйлөшүүгө Орусия тараптан катышкан Геннадий Гатилов пикир келишпестикке АКШнын Сирия маселесине Иранды катыштырууну каалабаганы себеп болгонун журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, Иранды катыштырууну Орусия талап кылууда.

XS
SM
MD
LG