Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Иллинойс штатында бир жыныстуу никеге уруксат берилет


Мындай мыйзам долбооруна АКШнын Иллинойс штатындагы мыйзам чыгаруу палатасы шейшембиде макулдугун берди. Эми бул маселе Сенаттын кароосунан өтүп, губернатордун колу менен бекитилүүгө тийиш.

Андай болсо Иллинойс АКШдагы бир жыныстагы жарандардын мыйзамдуу никелешүүсүнө уруксат берүүчү он бешинчи штат болот. Бир жыныстуу никеге Колумбия федералдык аймагында да уруксат берилген.

“Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей мыйзамга добуш берүү алдында кызуу талаш-тартыштар болду. Президенттик администрациянын мурдагы кызматкери, азыр Чикагонун мэри Рам Эммануэл бир жыныстуу никени колдоду.

АКШда никеге каттоо штат бийлиги тарабынан катталат. Бирок быйыл жайында АКШ Жогорку Соту “нике аял менен эркектин мыйзамдуу мамилеси” деген федералдык мыйзамды Конституцияга туура келбейт деп тапкан.

XS
SM
MD
LG