Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

Жолдошева Каптагаев боюнча президентке кайрылды


Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева бүгүн парламентте сүйлөп жатып өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмилбек Каптагаев боюнча президентке кайрылды. Оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясынан депутат айым Эмилбек Каптагаев 2010-жылы апрел-июн айлары Кадыржан Батыров менен ар апта жолугуп, 6-июнда Кыргызстан эл ассамблеясынын имаратында аны менен түнкү саат экиге чейин сүйлөшкөнүн, бир нече күн өтпөй июн окуясы чыкканын айтып, бул жолугушуулар эмне себептен уюштурулганын билип берүүнү өтүндү. Ошондой эле Каптагаевдин банктарда канча акчасы бар экенин, мурда Максим Бакиевге таандык делген пансионаттарды эмне үчүн азыр Каптагаевдин жакындары иштетип жатканын, ажылык сапар уюштурууда уулу Кубан Каптагаев мыйзам бузууга барган-барбаганын тактап берүү өтүнүчүн да келтирди.

Эмилбек Каптагаев “Азаттыкка” маегинде депутат Жолдошеванын айткандары чындыкка коошпосун билдирип, ал көл жээгиндеги “Өрнөк айылындагы жер тилкесин сактап калуу үчүн Курманжан датканын атын жамынып, кызыл кулактык кылып жатат” деди.

Мурдагы депутат Кадыржан Батыров июн окуясынын башкы күнөөкөрү катары айыпталып, аны сот өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. Былтыр Батыровдун Швециядан баш паанек алганы кабарланган. Депутат Жолдошева "Курманжан датка" фондун жетектейт. Бул жеке фонд үчүн көл жээгинен жер бөлүнүп берилген. (RK)

XS
SM
MD
LG