Бишкекте "Күз - 2013" деп аталган мода жумалыгы өтүп жатат. Кечээ салтанаттуу ачылышы болуп, ага экс-президент Роза Отунбаева сыйлуу конок, көрүүчү катары катышты. Мода чөйрөсүнө таанымал болуп калган алты фэшн-дизайнер күз темасына арналган коллекцияларын тартуулады. Бүгүн жаш модельер-дизайнерлер арасында сынак өтүп жатат. Иш-чара 10-ноябрда мыкты делген коллекциялардын тартууланышы менен жыйынтыкталат. Мода жумалыгы Mol Bulak Fashionweek Kyrgyzstan алкагында өтүүдө. (RK)