Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

АКШ элчилиги Бишкектеги жол кырсыгын өз алдынча иликтөөдө


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте болгон кечээки жол кырсыгынын себептерин өз алдынча иликтеп жатат. Бул тууралуу бүгүн элчиликтен "Азаттыкка" кабарлашты. Кечээ кечинде Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгынан 5 жеңил унаа жабыркап, бир адам жараат алды. Интернеттеги социалдык тармактардан бул окуянын видеосун көрсө болот. Анда дипломаттык номерлүү Ford маркасындагы унаанын айдоочусу жол кайгуул кызматкерине баш ийбей, катуу ылдамдыкта айдап кетип калганы даана көрүнүп турат. Бул унаа АКШ элчилигине таандык экени тастыкталды. (RK/ZB)

XS
SM
MD
LG