Гамбургда БУУнун Деңиз укуктары боюнча эл аралык соту “Гринпис” активисттеринин кармалышы боюнча Голландиянын Орусияга каршы арызын кароого киришти. Арктикада мунай өндүрүүгө каршылыгын билдирген экологдордун кемесин Печор деңизинде кармап кетишкен. 30 киши Мурманск портунда камакта отурат. Голландия кеме эл аралык сууларда жүргөндүктөн, Орусиянын аны кармоого укугу жок болчу деген жүйөөсүн келтирүүдө.
Бүгүнкү соттук угууларга орустардын өкүлдөрү катышуудан баш тартышты. Орусия доо арызды негизсиз деп четке кагууда. Кармалгандарга адегенде “пираттык” беренси боюнча айып тагылып, кийин “бейбаштыкка” өзгөртүлгөн.