Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

АКШ элчилиги Бишкектеги жол кырсыгы үчүн өкүнүчүн билдирди


АКШ элчилиги Бишкекте болгон жол кырсыгы үчүн өкүнүчүн билдирет жана бул окуяны моюнуна алат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган АКШ элчисинин орун басары Лаура Грисмер билдирди. Анын айтымында, элчилик кечээки жол кырсыгынын себептерин өз алдынча да иликтеп жатат.

5-ноябрда кечинде Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгынан 4 жеңил унаа жабыркап, бир адам жараат алды. Интернеттеги социалдык тармактардан бул окуянын видеосун көрсө болот. Анда дипломаттык номерлүү Ford маркасындагы унаанын айдоочусу жол кайгуул кызматкерине баш ийбей, катуу ылдамдыкта айдап кетип калганы даана көрүнүп турат. Бул унаа АКШ элчилигине таандык экени тастыкталды. (RK/ZB)

XS
SM
MD
LG