Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Санкт-Петербургда киши колдуу болгон жарандын өлүмү иликтенүүдө


Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү шаардын четинде 36 жаштагы кыргызстандык жарандын бычакталып өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Элчи азырынча ал улутчулдардын колунан набыт болду деп айтууга эрте деп эсептейт. Кыргызстандын элчилиги бул окуя боюнча маалымат берүүсүн өтүнүп, атайын кат менен жергиликтүү полицияга кайрылды.

4-ноябрь Орусияда “Элдик биримдик күнү” деп белгиленген. Ал күнү Москвада жана башка шаарларда улутчул жаштар “Орус маршына” чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG