Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Бишкекте Октябрь революциясынын күнү белгиленет

7-ноябрда Октябрь революциясынын 96 жылдыгына карата Кыргызстандын Коммунисттер партиясы Бишкекте бир катар иш-чараларды өткөрөт. Эски аянтта Коммунисттер чакан митинг уюштурат жана жолбашчысы, Октябрь революциясынын идеологу Владимир Лениндин эстелигине гүл коюшат. Ушундай эле иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да коммунисттик партиянын мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт.

Кыргызстанда 7-ноябрды Октябрь социалисттик революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим 2001-жылы парламентте кабыл алынган.

1990-жылдардын башына чейин бул күндү социалисттик республикалардын баары негизги майрам катары белгилеп келген.(ZKo)
XS
SM
MD
LG