Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кыргызстандыктын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Маалымат каражаттары 4-ноябрдан 5-ноябрга караган түнү шаардын четинде 36 жаштагы кыргызстандык жарандын бычакталып өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганын жазып чыгышкан. Буга байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыктоо үчүн Санкт-Петербург шаары менен Ленинград облусунун полициясына кайрылган. Элчиликтин маалыматы боюнча, өлтүрүлгөн жаран Ош облусунун 1977-жылы туулган М.Х. аттуу жараны экенин аныкталды. Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов азырынча ал улутчулдардын колунан набыт болду деп айтууга эрте экенин “Азаттыкка” билдирген.

4-ноябрь Орусияда “Элдик биримдик күнү” деп белгиленген. Ал күнү Москвада жана башка шаарларда улутчул жаштар “Орус маршына” чыгышкан.(КЕ)

XS
SM
MD
LG