Бүгүн 7-ноябрда Украина парламенти экс-премьер-министр Юлия Тимошенкого чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүндүк берген төрт мыйзам долбоорун талкуулоону кайра улантат. Ал бийлигин кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылы жети жылга кесилген. Оппозиция соттун өкүмүн саясий буйрутма же андан өч алуу деп мүнөздөгөн. Европа Биримдиги эгер Украинада 28-29-ноябрда Вильнюста Ассоциациялык мүчөлүк жана эркин соода келишимине кол коюу ыкласы болсо, Тимошенконун маселеси тез чечилсин деп эскерткен.
7-ноябрда Киевде Тимошенкону абактан чыгарууну жана Украинаны биримдик менен интеграцияга чакырган 2 миңдей адам көчө жүрүш өткөрдү.
Президент Янукович 5-ноябрда сүйлөп, Украин экономикасы күчтөнүүсү жана глобалдык атаандаштыкка жарамдуу болуусу үчүн Киевге Евробиримдик менен эркин соода келишими керек деген.