Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Афина: телеканал имараты бошотулду


Афинада ERT телеканалынын имараты экс-кызматкерлерден бошотулду.

Грециянын атайын полициясы байтактуу Афинадагы мурдагы өкмөттүк ERT телеканалынын имаратынан анын мурдагы ондогон кызматкерлерин сүрүп чыкты. Нааразылык акциясынын катышуучулары менен полиция төбөлөшө кеткени, аларды имараттан кууп чыгуу үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонгону маалымдалды.

Нааразылар июнда өкмөт мамлекеттик телеканалдын 2600 кызматкерин иштен айдап, станцияны жапкандан бери имаратта отурушкан. Мындай катаал чарага өкмөт бюджеттик чыгымдарды кыскартуу үчүн барган. Жумушсуз калгандар июндан бери интернет аркылуу жаңылык берип жатышкан. Грек өкмөтү мурдагыга караганда бир кыйла аз кызматкерлери бар жаңы коомдук телеканалды ачкан.

XS
SM
MD
LG