Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

“Бөбөк ыры” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды


Сынактын баш байгесине Элмира Төлөкованын “Жазды күтүү” деген ыры татыды. Ырдын композитору Камчыбек Букалаев. Жеңүүчүлөргө 30 миң сом сыйлык берилди.

“Мыкты ыр” деген номинацияда биринчи орун Исабек Исаковдун “Жамгыр” деген ырына берилди. Бул ырдын композитору Жылдыз Малдыбаева. Ырды Касиет, Саадат жана Ализа деген кыздар аткарган. Экинчи орун “Ак бантик” (Төлөн Касаболотов) жана “Кызыл гүл” (Бактыгүл Туратова) ырлары үчүн берилди. Ал эми үчүнчү орунга “Кош бол биздин бакчабыз” жана “Кыргызстаным” деген ырлар татыды. Мындан сырткары “Көркөм окуу”, “Мыкты аткаруучу” номинациялары боюнча да орундар аныкталып, сыйлыктар берилди. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгондор өзүнчө сыйлыкка татыды. Бул маалымат “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун сайтына жарыяланды.

Жыйынтык кечээ, 6-ноябрда чыгарылды. Сынакты “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Билим берүү жана илим министирлиги, Маданият, туризм жана маалымат министирлиги жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип өткөрдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG