Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Твиттердин акциялары сатыла баштайт


Бүгүн Нью-Йоктун баалуу кагаздар биржасында АКШнын Twitter компаниясынын акциялары сатыла баштайт. Микроблогдорду тейлөөчү дүйнөдөгү эң ири компаниянын маалымдашынча, бир акциянын сунуш кылынган баасы 26 доллар турат. Сатыкка бардыгы 70 миллион акция чыгарылат.

Twitter оболу бир акцияны 17-20 доллардан сатканды мерчемдеп жаткан. Бирок кардарлардын маанайын байкаган соң 4-ноябрда анын наркын 25 долларга чейин көтөргөн. Эгер акциялардын наркы 26 доллардан ылдый түшпөсө, компаниянын өздүк капиталы 18 миллиард долларга жетет деп болжолдонууда.

Twitter 2010-жылы 440 миллион доллардан көп чыгым тарткандыктан азыр инвесторлорду өнүгүү стратегиясына ишендирүүсү абзел.

Азыр дүйнөдө Твиттердин кызматынан 500 миллиондой адам пайдаланат. Кардарлар эң көп кирген сайт – Твиттердики. Компания кирешени өз сайтына реклама жайгаштыруудан жана ири интернет фирмаларга маалымат кенчин бөлүшүүдөн алат.

XS
SM
MD
LG