Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:52

Футбол: Кыргызстан-Өзбекстан беттешет

Бүгүн футбол боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын командалары беттешет. Бүгүнкү оюнда тажикстандыктар Түркмөнстан командасын ири эсеп менен утса гана кыргызстандыктар финалдык топко кошулушу мүмкүн. 5-ноябрда Кыргызстандын командасы тажиктерге 8:4 эсебинде утулуп калган. Ал эми кечээ, 6-ноябрда Түркмөнстандын тандалма командасы менен кыргызстандыктар беттешип, 2:2 эсебинде тең чыккан.

2014-жылдын Азия кубогунун тандоо мелдештери Ташкент шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тандалма командалары күч сынашууда. (КЕ/КМа)
XS
SM
MD
LG