Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Орусиянын экономикасы 2030-жылы басыгын жоготот


Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев жакынкы жыйырма жылда өлкө экономикасы дүйнөлүк экономикалык өсүштөн артта каларын билдирди. Келаткан жыйырма жылда, анын айтышынча, Орусиянын ички дүң жыйымы орточо 2, 5 процентке өсөт. Мурда жылдык орточо өсүш 4 процент болот деп прогноздолгон.   Бул Владимир Путин 2012-жылы май айында үчүнчү мөөнөт президенттик кыла баштаганда убада кылган албан максаттардын ишке ашуусун саалгытат, деп эскертти Орусиянын экономика министри бейшемби күнү кабарчыларга.

Путин Кремлге кайра келгенден бери Орусиянын 2 триллион долларлык ички дүң жыйымынын өсүү ырааты бир кыйла жайлап калды.

 

XS
SM
MD
LG