Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Женева: Иран боюнча сүйлөшүү 8-ноябрда аяктайт


Иран менен чоң алтылыктын сүйлөшүүсүнө жума күнү АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри кошулары айтылууда. Ак үйдөн бейшембиде маалымдашкандай, Иран өзөктүк программасында чектөөлөрдү киргизсе, бул алты ири держава Иранга киргизилген эл аралык санкцияларды жеңилдетет. АКШ мамкатчысы Жон Керри:

-Эгер Иран өзүнүн милдеттерин аткарбаса, утурмдук жеңилдик токтойт. Биз улам бир санкцияларды киргизүү менен кысымды ансайын күчөтөбүз.

CNN телеканалына курган маегинде Ирандын өкүлү Жавад Зариф Иран уран байытуу тууралуу талаш программасынын айрым бөлүктөрүн токтотууга даяр экенин айтты. Ал чоң алтылык менен макулдашуу сүйлөшүүнүн аягына чейин болот деген үмүттө.

АКШ баштаган ири алты өлкө Иранга эл аралык санкция бир аз жеңилдетилип, анын ордуна Иран өзөктүк программасында айрым чектөөлөргө баруусун каалайт.

XS
SM
MD
LG