Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Социал-демократтар 13-курултайын өткөрөт


8-ноябрда Улуттук филармонияда боло турган курултайдын катышуучулары Жогорку Кеңешке шайлоонун жакындап келе жатканына байланыштуу партиянын мындан аркы ишмердүүлүгүн талкуулап, анын жакынкы келечектеги максаттарын жана милдеттерин аныкташат. Ошондой эле КСДПнын атайын сертификаты менен эл аралык уюмдар, фонддор жана институттар сыйланышы күтүлүүдө.

Курултайга мурунку президент, 4-чакырылыштагы парламентте Социал-демократтар фракциясын жетектеген Роза Отунбаева катышат. Партиянын жыйырма жылдык ишмердүүлүгү тууралуу төраганын 1-орун басары Чыныбай Турсунбеков баяндап берет. КСДПнын 13-курултайына Кытай Коммунисттик партиясынын, Орусиядан “Бирдиктүү Орусия”, Казакстандан “Нур Отан”, Түркиядан “Акыйкат жана Өнүгүү” партиясы, жергиликтүү саясий партиялар чакырылган.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын алгачкы курултайы 1993-жылы күз айларында болгон.

Кыргызстандын мамлекет башына эки жолу Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Роза Отунбаева 2010-жылы, 2011-жылы партия лидери Алмазбек Атамбаев шайланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG