Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Турсунбеков: КСДП өлкөгө салым кошууда


Партия төрагасынын 1-орун басары Чыныбай Турсунбеков курултайда Социал-демократиялык партия жоопкер болгон бийлик бутактары иштеп, ийгилик жаратып жатканын докладында айтып кетти.

Ал мурдагы бийликтин тушунда бажы тармагынан түшкөн киреше жылына 14 млрд.сом болгон болсо, 2010-жылдан 37 млрд. сомго жеткенин, тыштан инвестиция тартуу ийгиликтүү болуп жатканын, Орусия, Түркия карызынан кечкенин мисал кылып кетти. Ошондой эле Орусия, Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен маанилүү объекттер курулуп жатканы да айтылды.

КСДП Бишкекте 13-курултайын өткөрүп жатат. Ага жер-жерлерден 700 делегат катышууда. Партиянын алгачкы курултайы 1993-жылы күзүндө болгон.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын эки мүчөсү мамлекет башчылыгына шайланган: 2010-жылы Роза Отунбаева, 2011-жылы Алмазбек Атамбаев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG